Форма входа

Календарь новостей

«  Апрель 2009  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930




Пятница, 19.04.2024, 04:43
Приветствую Вас Гость | RSS
MAHAC-ATA
Главная | Регистрация | Вход
Главная » 2009 » Апрель » 14 » "…Өз заманыңарга ошончолук деңгээлде таасир бергиле!..." же "Айтматов жумалыгындагы" акыркы жолугушуу
"…Өз заманыңарга ошончолук деңгээлде таасир бергиле!..." же "Айтматов жумалыгындагы" акыркы жолугушуу
01:49
"…Өз заманыңарга ошончолук
деңгээлде таасир бергиле!..."
же "Айтматов жумалыгындагы" акыркы жолугушуу
"Баарыбыз замандашпыз, бири-бирибизге керекпиз!" (Чыңгыз Айтматов)

Университетте "Айтматов жумалыгы" өткөрүлүп, анда кеченин соңунда жазуучуга жабалактаган студенттердин арасынан мен да өз суроолорумду узатып калдым:

Адила Доолбекова

Кыргыз-Түрк "Манас" университети,
Журналистика
факультети, 3-курс

Биринчи жана акыркы интервьюм
Кеченин соңунда жазуучуга жабалактаган студенттердин арасынан мен да өз суроолорумду узатып калдым:
- Нобель сыйлыгына кайрадан талапкер болуп көргөзүлдүңүз? Бул жөнүндө сиздин пикириңиз кандай?
- Бул өзү жомок кеп. Ал болобу, болбойбу, анын түрдүү себептери бар. Көп жылдан бери көрсөтүлүп келе жатам, бирок мен сөзсүз ушундай болот деп айта албайм. Болсо болуп калаар, болбосо маңдайга жазганын көрө жатаарбыз.
- Чыңгыз Төрөкулович, мааракеңизден кийин сизди үй-бүлөңүз менен Алма-Атада жашайт деп жатышат. Бул чынбы?
- Жок, ал туура эмес. Азыр менде 3 тамгалуу жер бар. Бишкек, Алма-Ата жана Москва. Ушул үчөөнүн бирөөсүндө жашоого даярданып жатам, анткени менин негизги иштерим, чыгармачылыгым ошолорго байланыштуу. Азыр бошмун, дипломаттык кызматымды аяктадым. Бул 3 жерден тең кандайдыр бир күч-кубат аламын, себеп дегенде дүйнөлүк борборлор. Ушуну туура түшүнгүлө, азыр маалымат заманынын күчөп турган учуру. Ары-бери каттап турам, эгер ден-соолук болсо!
- Түркияда сиздин атыңыздан парктын аты коюлган турбайбы. Өз колуңуз менен бак тиктиңизби?
- Ооба. Жаңы кичирайондо, бийик үйлөрдүн арасында кооз парк экен. "Ар бир чөбү чынар болсун, ар бир кушу учар болсун!" деп өз колум менен бак тиктим.
- Туулган жериңиз Шекер айылына акыркы жолу качан бардыңыз эле?
- Дайыма эле катташып жүрөмүн, бирок кийинки 2-3 жылда бара элекмин. Шартым болбой жатат. Бирок быйыл тынччылык болсо барып калаармын, туугандар маараке өткөрүбүз дешет го. Алар келип-кетип турушат.


Убакыт өтүп, улуу жазуучунун чыгармаларын кайра-кайра окуган сайын, аны эстеп өзүнчө бушайман болуп, бул макаланы жазууну туура көрдүм. Окуянын башы 2008-жылдын апрель айында Кыргыз-Түрк "Манас" университетиндеги (КТМУ) "Айтматов жумалыгынан" башталат.
Кыргыз Республикасынын президентинин 2007-жылдын 31-январындагы Жарлыгы менен "2008-жыл Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыяланган эле. Ошол күндөн тартып бүтүн өлкө улуу жазуучунун мааракесин биринин артынан бири, ал тургай коңшу өлкөлөрдө да куттукталып түрдүү кечелер уюштурулуп жатты. Мындай кеченин бири өткөн жылдын апрель айында КТМУда өткөрүлгөн "Айтматов жумалыгы" болду. Бул жумалыкка көрүнүктүү жазуучулар, мамлекеттик ишмерлер жана Айтматовдун замандаштары катышып, жазуучунун мааракесин чогуу куттуктоо менен бирге сый-урмат көрүшкөн эле. Жумалыктын негизинде "Жаш түркологдордун симпозиуму" да өткөрүлүп, аны менен бирге Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылган. Түркия мамлекетинде тартылган "Ак кеме" фильми көргөзүлүп, мындан тышкары С.Раев, О.Султанов, С.Кайыпов, М.Рудов, Т.Аскаров, А.Садыков, Кемаль Явуз, Орхан Билгин, Г.Базаров ж.б. көрүнүктүү маданий ишмерлердин катышуусунда "Айтматов жана дүйнөлүк маданият" аттуу тегерек стол өткөрүлүп, соңунда "Ак кеме" фильминин башкы каармандары менен жолугушуу болгон эле.

Балалыгымдагы максатыма жеттимби?!
Балалыгымда мектепке эрте кадам аттагандыктанбы же апам мугалим болгондуктанбы, айтор, кичине кезимде эле китеп окууга өтө кызыгат элем. 3-классты бүтүрүп эс алуу убагында "Манас" эпосунун бир топ китептерин окуп чыктым. Менин китепке болгон кызыгуумду билген чоң энем, өз үйүнөн китеп алып келип берди. Адатымча, эжекемден жашынып алма бактын арасына олтуруп окуганым али эсимде. Ошондогу окуган Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалими", "Эрте келген турналар" повести, чыгарманын автору менен жолугуу максатын алдыга коюуга түрткү болду. Жашоонун кыйынчылыгын жеңе билген Алтынай, пионер Султанмураттар… Мен кем каламбы? Азыр биздин абал андан жакшы экен деген ойлор да келбей койгон жок. Балалыктын өзүнчө бир шаңы менен тилим өткөн чыгармаларынын баарын окуп чыктым, анын артынан орусчаны да аз-маз үйрөнүп алдым.
Мына ошол балалык кыялдагы максатым биринчи студенттик күнүмдөн баштап ого бетер күчөдү. Себеби журналисттик кесипти тандадым. Өзгөчө "Айтматов жылы" деп жарыялангандан бери 3 ай интервью алуунун жолун эч таба албадым. Себеби, жазуучу мааракесине байланыштуу чет өлкөлөргө көп кетип жаткан эле.
Ошентип, куттуктоо мезгили бизге да келип жетти. Университетибизде атайын "Айтматов жумалыгы" өткөрүлүп, анын алкагында Ч.Айтматов менен бирге бир топ көрүнүктүү инсандар да келишти. Ошол 22-апрель күнү, жумалыктын ачылыш аземинде маркум улуу залкардын тирүүсүндө биринчи жана акыркы жолу көрүптүрмүн. Чындыгында эле уникалдуу, океандай адам экен. Буга чейин телевизордон көрүп, гезит-журнал бетинен окуп жүргөнүм гана болбосо, даңазалуу жердешимди жанынан көрө элек элем. Ошондой болсо да жай олтуруп, ал адамдын жан дүйнөсүнө батып аңгеме куралбадык. Себеп дегенде эл көп, бүтүн журналисттер, жазуучунун окурмандарынын баары ошол залда. Түрк дүйнөсүнүн сыймыктуу уулуна биринин артынан бири өз кезеги менен даңазалап таазим этип жатышты.
Маалымат жана маданият минис-три Султан Раев: "Айтматов феномени дүйнө түстүү татаал, дүйнө түстүү кырдуу, ошол дүйнөнүн түндүгү болуп келген адамдын жашоосун чагылдырып келет. Ким болбосун, кайсы улуттун инсаны болбосун, ал Айтматовдун чыгармасынан өз жашоосун, өз сүйүүсүн, өз проблемасын таап алат",-деген ою менен бирге, сан билимин изилдеген байыркы Хинди акылмандары, "80" деген логикалык мааниси бар санды гармониялык сан деп аташкандыгын, бул сан куранда да ыйык экендигин, анткени аалам менен адам акылынын тең келген учуру экендигин айтып, жазуучуну куттуктаган эле.
Бул жалган жашоодо кээ бири ал кандай адам болду экен деп Айтматовдун сүрөтүн издеп жүрүшсө, биз ошондо анын элесин жаныбызда алып олтурдук. КТМУнун ректору Сулайман Кайыпов айткандай: "алтымыштагы атаңдын алдап-соолап күчүн ал!"-дегендей Республикада биринчи болуп, ушул адамдын күчүн колдонуп, сөзүн угуп калайын деп "ардактуу профессор" наамын 2000-жылы ыйгарышкан эле. Ушул иштин эң туура болгондугун бекемдеген Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын президенти, Акун Токтосартов, Кыргыз Өкмөтүнүн 2005-жылдагы Март революциясынан кийинки эле жакшы жасалган кадамдарынын бири "2008-жыл Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялашы болгондугун баса белгиледи. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Өзгүр Гөкмен болсо, өз куттуктоосунда бүтүн түрк калкынын атынан жазуучу алдында таазим кылгандыгын жана Айтматовдун Элазык шаарындагы кездешүүсүндө, кийинки китебинде түрктөр жөнүндө жазууну ойлоп жүргөнүн эскертип, улуу жазуучудан китептин чыгышын чыдамсыздык менен күтөөрүн айткан эле. Ачылыш аземинин соңунда трибунага чыккан жазуучу: "Баарыңарга алкыш айтам! Мени кайра кайра сексенге чыкты деп айтып жатасыңар. Анын бир өзгөчөлүгү- өтүп кеткен заман. Элибиздин багы бар экен. Түрк дүйнөсүн кайрадан жандантып, цивилизацияга өз салымын кошуп келет. Учурдан колдонуп ушул жерде олтурган студенттерге айтаар элем. Канчалык аракет кылып, бул жерден колдон келишинче билим алып, өз заманыңарга ошончолук деңгээлде таасир бергиле!"-деп сөзүнүн жарымына келгенде туруп эмес, олтуруп эле сүйлөөнү улантуусун суранды. Каар күчүнөн тайып, карылыкка алдырып бара жатканын байкап, ичи-тышым ачышып, тызылдап кетти. Чындыгында эле телевизордон көргөн алдуу-күчтүү Айтматов жок эле. Ошентип ошол кайрылуу, жазуучунун бизге таштаган акыркы керээзи болду.
Улуу туудан айрылуу
Ушундайча толук жооп алып ала электе улуу жазуучу арабыздан узап кетти. Максатыма жете алдымбы же жетпей калдымбы, аны да түшүнө албадым. Аман болсок дагы жолугаарбыз деп ойлогом…
... Жайдын ысык аптабында Казак- стандын Тараз областында иштеп жүрөт элем. Кечкисин иштен чарчап барып, телевизорго олтура калсам, кечки кабарлардын биринчисинде эле Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Кыргызстанда аза күтүү күнү болуп жаткандыгын айтып калышты. Эжекемди карап "Мен анын макаласын жаза элек болчумун да" деген бойдон жаштар кетти куюлуп. Эки-үч күндүр радиодон, эмне болуп жатканын байкап жүрдүм. Ошондо улуу жазуучуну көрүп калганыма бир жагынан сүйүнсөм, бир жагынан баарлашып, сөзмө-сөз олтуруп, анын жан дүйнөсүнөн сабак ала албаганыма катуу өкүндүм. Колумдан келе турган иш эле. Ызаланган жаным чыдабай, бардык китептерин кайрадан окуп чыгамын деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Айткан сөздөрүн эстеп, берген колтамгасын карап, бейитине куран түшүрдүм.

Залкардын баркын биле алдыкпы?
Айтматов улуу ойчул. Ал табият менен адамдын канчалык деңгээлде гармониялаш экендигин өз чыгармаларында ачык далилдеп берген. Ал гана эмес өлкөбүздүн саясий, руханий жактан өнүгүшүнө да зор салымдарды кошту. Ал эми биз, ал адамдын тирүүсүндө болбосо да, улуу жолго узаткандан кийин сыйлай алдыкпы?
Жазуучу мааракесин майрамдоо ортолоп, эми кызыгы башталганда о дүйнөгө ооп кетти. Артында өксүп Акбарасы менен Алтынайы калды. Анысы аз келгенсип калдайган кыргыз журту кошокту салды. Бирок, көрүнүктүү, арбакты ыраазы кылчу эмне иш кылдык?
Көз ачып жумганча Айтматов жылы да өттү. Энергетикалык, экономикалык кризис деп олтуруп, жазуучунун мааракеси толугу менен ишке ашпай калды. Азбы, көпбү өз милдетинен кутула алдыбы кыргыз калкы? Бири, жазуучуга болгон сый-урмат, бүтүндөй бир жылды "Айтматов жылы"деп жарыялоо өзү чоң нерсе. Себеп дегенде бүгүнкү күнгө чейин бир адамдын ысымынан жыл жарыяланган эмес. Мунун өзү эле чоң белек болуш керек деп улутуна сүйлөшсө, башка бири шаар атын берип, тарыхка алтын тамгалар менен жазуу керек деген, түрдүү талаш-тартыштардын аягы көрүнбөй келет.

"Айтматов Нобель сыйлыгына муктаж беле?"
Боордошторубуздун бири-Түркия мамлекетинин жазуучулары Чыңгыз Айтматовду Манастын татыктуу улантуучусу катары санап, 2008-жылдын Нобель сыйлыгын Айтматовго ыйгаруусун сунушташты. "Айтматовдун теги түрк. Арабыздан ушундай жазуучу чыкканына кыргыз калкы гана эмес, биз дагы өтө чоң кубанычтабыз. Ошондуктан дүйнөнүн эң чоң романчысы болгон Айтматовго бул сыйлык ыйгарылсын!"-деген "Ататүрк атындагы тил, маданият жана тарых фондусунун" башчысы Проф. Др. Садык Турал баш болгон бир топ жазуучулар, Нобель комитетине кат жазышкандарын айткан эле.
Бир нече жолу Нобель сыйлыгына сунушталган Айтматов акыр түбү бул сыйлыкты албай калды. "Айтматов деген чоң океан. Океандын суусун кичинекей чака менен канчалык башка жакка ташып төккөндөн эч нерсе өзгөрбөйт. Айтматовдун Нобель сыйлыгысыз эле дүйнөдө кадыр-баркы, эбегейсиз орду бар. Бирок саясатка аралашып кеткендерге, көбүнесе адабият тармагындагы сыйлыктар берилбейт деген жүйөөсү бар. Негизи Нобель сыйлыгын ыйгаруу кичине саясатташып кеткен жагдайлары бар."-дейт маданият министри Султан Раев.
Өкмөт өз карамагында кандай чара көрсө да, өлкөмдүн атуулу катары улуу жазуучу алдында таазим этээримди, жүрөгүмдүн түпкүрүндө өмүрүмдүн соңуна чейин сактаарымды айткым келет. Мен да Жер эненин кучагында, Алтынайдай үлгүлүү болуп, дүйнө маңкурттарынан өз өлкөмдү сактагым келет.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн сандар
Чыңгыз Айтматовдун китептери дүйнөнүн 127 өлкөсүндө 176 тилде жарыяланган.
Чыңгыз Айтматовдун китептери дүйнөдө 80 миллиондон ашык тиражда сатылган.
Чыңгыз Айтматов дүйнөнүн 35 өлкөсүндө 60тан ашык эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.
Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы жөнүндө дүйнөнөдө 216 дипломдук иш жазылган.
Чыңгыз Айтматов жөнүндө дүйнөдө 300 монография жазылган.
Чыңгыз Айтматов жөнүндө дүйнөдө 200 тилде 3 миң 500 илимий макала жазылган.
Чыңгыз Айтматов 18 жолу Нобель сыйлыгына татыктуу талапкер катары көргөзүлгөн.
Чыңгыз Айтматовдун китептеринин таралган өлкөлөрдө жалгыз теңтайлашы Лев Толстой болгон.

Жылдын эң көп сатылган китеби
Бишкектеги "Раритет" китеп дүкөнүнүн берген маалыматтарына караганда, 2008-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романы эң көп сатылган китептердин арасында биринчи орунда турат.


Просмотров: 2097 | Добавил: manas-ata

Copyright MyCorp © 2024