Форма входа

Календарь новостей

«  Апрель 2009  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930




Пятница, 19.04.2024, 14:23
Приветствую Вас Гость | RSS
MAHAC-ATA
Главная | Регистрация | Вход
Главная » 2009 » Апрель » 14 » .
.
03:43

Кайсыл жерде жүрсөк да, кайсыл эл менен жүрсөк да

ким экенибизди унутпашыбыз керек!

 
Быйылкы, Самарадагы кыргыздардын Ноорузу өзгөчө болду.
Байкоочулардын айтуусу боюнча майрамга келген элдердин саны башк
а жалдарга караганда көп болду.
Бул майрамды уюштуруу жана өткөрүү жалдакыдан жогорку денгээлде өттү.
17 - март куну спорттун түрлөрүнөн Ноорузга арналган турнирлер өттү.
18- март куну Литвинова Маданият сарайында Майрамдык салтанаттуу концерти өттү.
«Манас-Ата» фонду тарабынан уюштурулган концертке жыйырмага жакын улуттардын лидерлери келди.
Самара областык администрацисынан, Самара шаардык администрациясынан, Москва, Тольятти, Оренбург жана башка
шаарлардан расмий коноктор катышты.
Бул майрам, кыргыздын салтын, үрп-адатын дагы бир жолу жаны муундарга эске салып, миндеген адамдардын башын
бириктирип, улуттар аралык достукту бек
емдеди десек туура болот!
Майрамга даярдык көрүп жаткан мезгилде, кызык окуялар көп болду. Кыргыздын улуттук чүкө оюндарын даярдап жатып,
жаш балдарыбыздын 99 пайызы чүкөнүн конушун (чик, пөк,

айкор, таа) айталбай коюшту.
Уч күндүк машыгуунун ичинде бираз кыргыз балдарын
а окшошуп чүкө, ордо топ-таш ойноп калышты...

Нооруз санжырасынан
Абалтан эле кыргыздарда дүйнөнүн башка элдериндей эле төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдары
майрамдалып келинген. Алардын бири - Нооруз.
Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздарда 2000 жылдан ашуун убакыттан бери күн менен түндүн теңдешкен күнүн
жаңы күн - Нооруз, же Нооруздама дешкен.
Нооруз фарсы тилиндеги Нав - жаңы, руз - күн деген сөзүнөн алынган. Ал бара-бара түрк тилдериндеги элдерге төл сөз катары
өтөт. Жалган куран айы болсо Навруз амад (Жаңы күн келди). Руз-и-мурдад (Түбөлүктүү күн келди) делип үчкө бөлүнгөн.
Нооруз - жаркыраган жаздын, жаштык дигердин, күжүрмөн эмгектин, жакшы тилек-үмүттүн, биримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун,
боорукердиктин, ыймандуулуктун, адилеттүүлүктүн, таттуу, даамдуу жайыл дасторкондун майрамы.
Ал элибизде өтүүчү майрамдардын эң бир улуусу, эң бир салтанаттуусу болгон.
Нооруз жалган куран айынын 20сынан 21не караган түнү өткөрүлгөн. Ошол күндү «Келди Нооруз, Болду аалам аласал,
Күндүн нуру төгүлүп, Кылды жерди гүлдүү шаң» - дешип кыргыздар кубана тосушкан. Бул күндү мен кыргызмын дегендин баары
кары-жашына карабай чыдамсыздык менен ак эткенден так этише күтүшкөн. Алар жаңы жылга карата жаңы кийимдерди
даярдашкан. Алсак, карыялар, байбичелер ак, жаштар түстүү кездемелерден кийимдерди, көйнөктөрдү тиктиришкен.
Боз үйлөр тигилип, тал-теректер буталып, короо-жайлар тазаланып, ар бир үйдүн ичи кут түшкөндөй түргө келтирилген.
Ал эми ар бир инсан болсо колунда болгон эң даамдуу, эң сыйлуу тамак-ашын Ноорузга арнаган. Жаңы жылга карата
даярдалган тамактардын ичинен өтө сыйлуусу, өткөрө ширелүүсү сүмөлөк менен чоң көжө болгон.
Нооруз күнү ар бир үйдө кургатылган арча, адырашман түтөтүлүп, көзү өткөн адамдар эскерилип, куран окутулган. Келгендерге
сүмөлөк тартылган. Андан бардыгы ооз тийишкен. Нооруздун күнүндө, түнүндө абалкы түрк элдердин ичинен кыргыз, казак, алтай,
хакас, өзбек калктарына кеңири тараган аластоо, эмдөө айтымы айтылган. Алас деген сөздүн тегин териштирсек, ал кыргыз
тилине фарс тилинен кириптир. Алас - кыргызча «жыгачтын көмүрү» деген маанини түшүндүрөт. Аласты негизинен эмчи-домчу,
ырымчы, дарымчы, бакшы, бүбү жана нускалуу көп жашаган, көптү көргөн касиеттүү ак элечектүү байбичелер жаңы жылды тосуп
жатканда:
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.

Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Айдан аман бололу,
Жылдан эсен бололу,
Түндөн түгөл бололу.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.

Жер жарылып көк чыксын,
Желин айрылып сүт чыксын,
Таш айрылып чөп чыксын.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.

Өрүшүбүз малга толсун,
Кырманыбыз данга толсун,
Дасторконубуз нанга толсун.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.

Чарбагыбыз бакка толсун,
Чарабыз акка толсун.
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас
- дешип куюлушмалуу ыр менен сабатмалуу обондо ак тилектерин айта аякка, чыныга кичинекей
табакка арчанын, адырашмандын бүчүрлөрүн түтөтүп, алардын түтүнү менен үйдүн ичин, адамдарды кыдырып аласташкан.
Байыркы кыргыздар аласты жеке эле Нооруз майрамында эле эмес, үй-бүлөдө, оору-сыркоо көбөйгөндө, жашаган
заманында элдин башына мүшкүл түшкөндө, жашоо начарлаганда айтылган.
Нооруз күнү колунда барлар бей-бечараларга кайыр-садага беришкен.
Ушул күнү айыл-ападагылар жаңы жыл бизге оттой ысык жашоону алып келсин дешип алоолонто от жагышып, андан секирип,
тегеренишип бий бийлешкен. Ушул күнү Баба дыйкандан мол түшүмдү сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишкен.
Эл жаздын алгачкы жамгырын да, күндүн күркүрөгөнүн да кубануу менен тосушкан. Балдар болсо чакаларга таш салып алышып,
чөмүч менен чаканы ургулашып боз үйдү айлана:
«Жер айрылып чөп чык, желин айрылып сүт чык» - дешип ырдашкан. Ушул күнү ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор
бири-бири менен таарынышып жүрүшсө элдешишкен жана кечирим сурашкан. Ошентип, алардын биринин да көкүрөгүндө кири
калбаган. Мына ушунусу менен жаңы жыл барктуу да, нарктуу да болгон.
Нооруз күнү улуттук: «Балбан күрөш», «Эр оодарыш», «Көз таңмай», «Эр сайыш», «Аркан тартмай», «Төө чечмей»
ж.б. оюндары ойнолуп, күлүк аттар, кунан чабылып, жорго салдырылган. Ошентип жаңы жыл бүтүндөй журттун салтанаттуу,
салттуу майрамыа айланган.
«Арыба, Нооруз! Келе бер, Нооруз! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун! Талаабызга ак дан берсин. Алдыбыздан ак дасторкон, башыбыздан бак-
дөөлөт, ырыс-кешик, узун өмүр, ынтымакырашкерчилик кетпесин!».

Эрмек Аматов.

Просмотров: 2733 | Добавил: manas-ata

Copyright MyCorp © 2024